Социалдык фонддун Таластагы башкармалыгынын жетекчиси пара берүү фактысы менен кармалды

Таласта Социалдык фонддун жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, Социалдык фонддун облустагы башкармалыгынын жетекчиси Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган "пара берүү" беренесинин негизинде 11-январда кармалды.

"Фондду жетектеп келген Ы.И.С. кызматкерлердин эмгек сапарларына бөлүнгөн каражаттарды ээлеп алып, муну жашыруу максатында УКМКнын кызматкерине 70 миң сом акча сунуштаган. Учурда ал Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери улантылып жатат", - дешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан