Сыймык Жапыкеев: "2 премьер, 1 вице-премьер жана 2 министр суракка чакырылып, жоопкерчилиги каралат"
Бүгүн, 12-январда Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жакында бир катар кызмат адамдары суракка чакырыларын, алардын иштери тергелерин айтты.
"Пандемия учурунда өзүңөр билгендей миңден ашык адам каза болду. Бир үй-бүлөдөн 3-4 адам каза болгон учурлар дагы болду. Ушуга жол бергендердин баары камалат. Мухаммедкалый Абылгазиев 1-2 жолу сурак берди. Азыр коронавирус менен ооруп жатыптыр, ошондуктан кийинки сурактарга келе алган жок. Кубатбек Боронов сурак берүүдө. Алтынай Өмүрбекова суракка келет. Саламаттыкты сактоонун 2 министринин жоопкерчилиги каралып жатат. Бир аз күтө турсаңар баарын ачыктайбыз. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм.
Пандемия учурунда гуманитардык жардамга келген акчалар айлык берүүгө бөлүнүп кеткен учурлар бар экен. Мунун баары тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөрдүн баары камалат. Жалпылап айтканда, 2 премьер, 1 вице-премьер жана саламаттыкты сактоонун 2 министри суракка чакырылып, жоопкерчилиги каралат. Булар негизгилери. Мындан сырткары да бир топ кызмат адамдарын суракка чакырып, аткарган иштерин иликтейбиз. Күнөөлөрү аныкталса сөзсүз түрдө жазасын алышат", - деди Жапыкеев.








1 |