Орусияда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 8 адам каза болду

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 8 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-январга караган түнү саат 3:00дө Екатеринбург шаарынын Рассветная көчөсүндөгү 9 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 8 адам каза болду. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге бир нече мүнөттөн кийин келип, жашоочуларды эвакуациялашкан.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, куткаруучулар күйүп жаткан батирден 5 адамды, анын ичинде бир баланы алып чыгып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Жалпы 90 адам кире бериштен эвакуацияланган. Өрт болгон жерден көптөгөн тамекинин калдыктары табылган.

Орусия көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн сегиз адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан