Кыргыз өлкөсүнө америкалык өндүрүштөгү коронавируска каршы вакцинанын бир нече түрү сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Нурболот Үсөнбаев биздин өлкөгө Америкадан чыгып жаткан Pfizer вакцинасынын документтер пакети жөнөтүлгөнүн айтты.
"Бүгүнкү күндө 200дөн ашык вакцина кандидаттар бар. Эл аралык COVAX программасынын алкагында бизге 8 вакцина кандидаттарды сыноодон өткөрүп көрүү сунушталып жатат. Кечээ бизге биринчи талапкер вакцина кароого жөнөтүлдү. Эмдөө препараттарын сактоодо өзгөчө шарттар коюлат. Бизге кароого жиберилген вакцина -70 градус суукта сакталышы керек экен. Азырынча бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан препараттардын сактоо режимин камсыздай ала турган шарттарды түзүшүбүз керек. Бизге сунушталып жаткан вакциналар келгенде баарын талдап чыгып туруп, ошого жараша өзүбүздүн чечимди кабыл алышыбыз керек. Мындан тышкары Орусиянын каттоодон өткөн эки вакцинасы бар. Биз ал жакты дагы карап көрүп жатабыз. Кызматташуунун алкагында бул маселелерди чечкенге аракеттер жүрүп жатат", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Маалым болгондой, мындан бир нече күн мурун Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцинаны колдонгон Флорида штатынын тургуну көз жумганын орус басылмалары жазып чыгышкан. Маалыматта 56 жаштагы акушер-гинеколог компаниянын вакцинасын 2020-жылдын 18-декабрында алганы жана бир нече күн өткөндөн кийин анын денесине кызыл тактар чыгып ооруканага кайрылганы жазылат. Грегори Майкл аттуу коронавируска каршы эмдөө алган дарыгер ооруканада көз жумган. Анын өлүмүнө Pfizer компаниясынын вакцинасы себепчи болгонун жубайы социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкканы маалымдалат. Өз кезегинде Pfizer компания Грегори Майклдын өлүмү боюнча жеке иликтөө жүргүзөрүн билдирген.