Молдованын президенти чет өлкөгө болгон алгачкы сапарына учак менен эмес, унаа менен барды

Молдованын президенти Майя Санду алгачкы расмий визит менен Украинага барды. Көпчүлүктүн көңүлүн бурганы Сандунун чет өлкөгө болгон сапарына учак менен эмес, унаа менен барганы болду. Бул тууралуу чэт элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, президенттин катчысы Сарина Штефирцанын айтымында, Молдова делегациясы Киевге учакта эмес, азыраак каражат коротулушу үчүн унаа менен жөнөгөн. Мындан тышкары, катчы бул пандемия учурундагы ыңгайлуу аракет болгонун белгилеген.

"Украина менен Молдова өкүлдөрүнүн расмий учурашуусу 12-январга белгиленген. Санду визит алкагында Украина президенти Владимир Зеленский, өкмөт башчы Денис Шмигал жана парламент спикери Дмитрий Разумков менен жолугушуу өткөрөт. Молдова делегациясынын курамында Сандудан тышкары дагы 9 адам бар. Ал эми Молдова менен Украинанын бийлиги 2015-жылдан бери расмий жолугушуу өткөргөн эмес. Кишинёв менен Киевдин аралыгы 470 километрге жакын", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Санду Молдовада 2020-жылы ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жетип, 24-декабрдан тарта президенттик кызматка киришкен. Буга чейин жаңы шайланган президент өз батиринде каларын айтып, мамлекеттиик резиденцияда жашагандан баш тартканы мактоого татыган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан