Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы лыжа тебүүчү эс алуу жайында Казакстандан келген 12 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү саат 15:00 чамасында болгон.
Анда Казакстандык 12 жаштагы бала Каракол лыжа базасынын тоо боорунан ылдый түшүп келе жатып каза болгон. Белгилүү болгондой ал карагайды сүзгөн, алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Ал эми баланын жансыз денеси облустук ооруканага соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүү үчүн алынып келинди.