Тилек Токтогазиев: "Кыргыз өлкөсүнүн Кытайга 60 тонна этти экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар"

Кыргыз өлкөсү Кытай менен макулдашуу түзсө, күнүнө 60 тоннага чейин этти экспорттой алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

"Азык-түлүк коопсуздугу боюнча көп өзгөртүүлөрдү жасашыбыз керек. Бизде мал чарбалары көп болгону менен өзүбүздү эт менен толугу менен камсыздай албай жатабыз. Ошондуктан эт продукциясы 14,7 пайыз эт сырттан келип жатат. Айыл чарбаны өнүктүрүүдө эки негизги потенциалды иштетүү тууралуу оюбуз бар. Бул транзиттик жана ички потенциал. Транзиттик потенциал жөнүндө айта кетсек, сырттан келип жаткан чийки затты кайра иштетип башка өлкөлөргө, ошол эле Кытайга, өнүккөн өлкөлөргө сата тургандай дараметибиз бар. Азыр этти сатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ал жактан этти арзан алып келип, бул жактан иштетип, кайра сатуу пландалууда. Учурда Араб өлкөлөрү менен жумасына 40 тоннадай этти экспорттоо тууралуу макулдашуулар жүрүп жатат. Өзүбүздүн гана ички рынокко басым кылсак, өнүгүү жөнүндө сөздү айтып кереги жок. Ошондуктан Кыргыз өлкөсү транзиттик потенциалын иштеп чыгышы керек", - деди Токтогазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mirnar
2021-01-12 21:16:58
Биринчи озубузду эт мн тыныраак камсыздап алгылачы? 3000 айлык алып 430 сомго эт жеп атабызго?
+7
HAKER-KG
2021-01-12 21:53:34
Башка жактан сапатсыз этти алып келип анан коз боёмочулук кылып башка мамилекетерди алдаганыбыз туура эмес озубуздун Кыргыздын чыныгы малынын эттин сатта жакшы болмок а озубиздун жерге болсо эт алгандарга арзан берип мал башып меенет кылгандарга баасын жогору кыла турган жолун изденсенер жакшы болот эле же сыртка кымбат саткыла ошонун пайдасына шаар тургундарын арзан саткыла бирок дыйкандын баасын эч тушурбогуло эгер дагы дагы которулсо айыл жергелери 80% майга отуп кетмек жана жакшы жылыш болмо
+1
HAKER-KG
2021-01-12 21:55:47
Майга деп жазылып калыптыр малга рулда кетип бара жатып жаздым эле каталарына кечирим сурайм
0
al-abu-kinesz
2021-01-12 21:57:53
Ошондо этти Кытайдан алып келип обработка кылып халал деген печать басып туруп арабдарга сатабызбы?
+1
Arslan11
2021-01-12 23:23:06
Ушул жымшык кыргыз учун кызмат кылат беле озун ойлойтда ел ет жейби таш жейби иши жок
+2
NURSAPAR
2021-01-13 08:14:23
Шаолинь чайкоочулук кылабыз дейби?
+4
bond0202
2021-01-13 15:06:46
азыр эле депутаттар суроо берсе эт 360 сом базарда деп калп айттыго шаолин.кытайдагы шаолиндер заказ берсе керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан