Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мекеменин ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын А.Т. аттуу башчысына карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылды.
"Шектүүнүн мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерин адалдоо фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
2014-2020-жылдар аралыгында Финансы полициясынын өкүлү А.Т. көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталган", - деп жазылат билдирүүдө.