Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-декабрь күнү саат 14:00 чамаларда Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 1983-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран оң жак көкүрөгүнө учтуу нерседен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы билдирилген. Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүп тиешелүү материалдарды чогултушкан.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Аталган фактынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун айылдашы, мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган “Пакыр Калла” каймана аты бар. Сузак районунун 1975-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда тергөө иштери уланууда.