Канаданын Маркем шаарынын 23 жаштагы Менхаз Заман аттуу тургуну анын сырын үй-бүлөсү билип калбаш үчүн баарын өлтүрүп салган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бангладештен Канадага көчүп барган жигиттин ата-энеси аны менен сыймыктанчу. Алар уулунун кадыр-барктуу университетте инженер кесибинде окуп жаткандыгына жана аны жаркын келечек күтүп турганына толук ишенишкен. Бирок Менхаз чындыгында эч жерде окуган эмес. Ал окууга кеттим деп күнү бою компьютердик клубда ойноп, кечинде үйүнө барчу. Анын үй-бүлөсү бул тууралуу билчү эмес.
Бүтүрүү кечесине бир күн калганда Менхаз эч нерсе билбеши үчүн түштө эс алып жаткан апасын өлтүргөн. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ал чоң энесин өлтүрүп, кечинде ал жумуштан кайтып келген эжесин, түн ортосунда атасын өлтүрүп салган.
Андан кийин ал досторуна жансыз денелер менен сүрөткө түшүп жөнөткөн. Достору полицияга кабарлап, полиция кызматкерлери Менхазды үйүнөн кармаган.
Менхаз бул кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал сотто үй-бүлөсүн тааныгандардан кечирим сураган.