Абхазиянын президенти Аслан Бжания коронавирус илдетинен айыгып, жакында жумушуна кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Абхазиянын президенти Аслан Бжани 8-январда инфекция боюнча эки жолу ПЦР-анализин тапшырып, 12-январда терс жыйынтыктарды алган. Дарыгерлердин сунушу менен өлкө башчы
толук калыбына келүү үчүн дагы бир нече күн дистанциялык режимде иштей берет.
"Президент Бжания коронавирус инфекциясы жөнүндө 27-декабрда билген. Ал вирустун жеңил түрүнө чалдыккан. Саясатчы амбулатордук дарылануудан өтүп, өлкөнү алыстан башкарууну уланткан", - деп жазылат маалыматта.