8 адамдын өмүрүн алган Орусиядагы өрт кырсыгы. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 12-январга караган түнү саат 03:00дө Орусиянын Екатеринбург шаарынын Рассветная көчөсүндөгү 9 кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Андан 8 адам каза болуп, 9у жаракат алган. Куткаруучулар күйүп жаткан үйдөн 90 жаранды эвакуациялашкан.

Кыргыз өлкөсүнүн Екатеринбургдагы башкы консулдугунун маалыматына ылайык, өрт чыккан көп кабаттуу үйдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.

Орусия көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн сегиз адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан