"Аты-жөнү такталды". Кара-Суу районунда талаадан адамдын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы талаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-январда аталган жарандын аты-жөнү такталды.

"Ал 50 жаштагы Тажикстандын жараны экендиги белгилүү болду. Ал Ошто ар түрдүү жумуштарда жалданып иштеп, тиричилик кылып жүргөн. Анын жанында эч кандай документ, паспорттору болгон эмес", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-январда болжол менен саат 18:50 чамасында кебетеси азиялык болгон 40-45 жаштардагы жарандын жансыз денеси табылып, маркумдун аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Goodyer
2021-01-13 12:52:27
Тажикстандан келген Кыргыз туугандарга мамлекет жардам бериши керек копчулугууй жайсыз ар жерде эптеп кун коруп келет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан