Ысык-Көлдө тоо-лыжа базасында эс алып жүргөн 13 жаштагы бала каза болду. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, каза болгон өспүрүм лыжа тээп баратып кулап, окуя болгон жерден каза болгон.
Белгилүү болгондой, 12-январда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Каракол" тоо-лыжа базасынан билдирүү түшүп, анда өспүрүм каза болгондугу айтылган.
"Аталган окуя боюнча жерине тергөө-ыкчам тобу жиберилген. Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө 3-январда Казакстандын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну (аял) өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келгендиги аныкталган.
10-январда алар Каракол шаарына келишип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен тоо-лыжа базасына барышып эс алып жүрүшкөн.
12-январь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында 13 жаштагы И.С. тоо-лыжа базасында эс алуу учурунда 3040 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Ал трассанын батыштан чыгышка бурулган жеринен (болжол менен 2700 бийиктикте) лыжа тээп түшүп бара жатып бурула албай, чоӊ карагайды сүзүп алган. Өспүрүм алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталды.
Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өспүрүмдүн жансыз денесине сырттан кароо учурунда оӊ буту жана моюну сынганы аныкталды. Өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда", - дешти мекемеден.