super.kg logo

Министр Ализа Солтонбекова Чүй облусундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Ализа Солтонбекова иш сапарында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктын базасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору иштеп, анда 20га жакын бала жумуш менен камсыздалгандыгына күбө болду. Мындан тышкары, аталган башкармалыктын долбоорунун алкагында тигүү цехи ачылып, аялдар кийимдерди бычууну жана тигүүнү үйрөнүшөт. Кыска убакыттын ичинде 6 үй-бүлө тигүү цехтерин ачышкандыгы тууралуу башкармалыктын кызматкери билдирди.

"Ализа Солтонбекова жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи, анткени акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата зомбулук көбөйүүдө. Министр өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын бири бул фостердик үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү экенин, ошондуктан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануусуна шарт түзүүнү, андан тышкары, калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү иш-чараларды күчөтүүнү кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159262;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: