Министр Нуржигит Кадырбеков отставкасын талап кылып жаткандарга жооп берди
Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу долбоорунан кийин аны наамынан ажыратуу маселеси көтөрүлүп жатканын билдирген. Ошондой эле ырчынын программасына конок катары келген Кайрат Примбердиевдин Эмгек сиңирген артисти наамын жокко чыгаруу караларын маалымдаган.
Министрдин жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Жарандык көзөмөл комитети отставкасын талап кылып чыкты. Аталган комитет министрдин билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.
Ал эми министр Нуржигит Кадырбеков: "Комментарийсиз калтырам. Отставкамды талап кылгандар кыла берсин. Биз өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:04
2021-01-17

0:51
2021-01-17

13:56
2021-01-16

11:31
2021-01-16
10:30
2021-01-16
9:35
2021-01-16
9:31
2021-01-16
Рейтинг:
4

Нуржигит Кадырбековко окшогон молдо чалыш министрлерди бир мечитке алып барып молдо кылып шайлап коюш керек. Азан кыйкырып, элдин тынчтыгын бузуп жата берсин.
Ишине тоскоол болбой жөн журсүн.
Курал менен Кайрат тескерисинче, тентектигин мойнуна алып министрди коргоп чыгышсын.
Ошондо эл өзү кечирет!