Жогорку окуу жайлар студенттердин эсебинен жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өткөн маалымат жыйынды медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.
"Көпчүлүк окуу жайлар окуу акысынын эсебинен жашайт. Башка биздин каржы булагыбыз жок. Биз аларга билим берип, ордуна акысын алабыз. Албетте, ата-энелерге, студенттерге да оор болууда, түшүнүп жатабыз. Биз окуу акысынын баарын бир учурда төккүлө дегенден алыспыз. Этап-этап менен төлөсөңүздөр дагы болот. Мисалы, 2-3 миңден. Албетте, биринчи орунда ден соолук, андан соң билим берүү турат. Айрыкча медициналык окуу жайдын студенттеринин билими. Биз аларга татыктуу билим берүү үчүн акыркы технологияларды колдонуубуз керек. Аларды студенттердин эсебинен түшкөн акчага алабыз", - дейт Кудайбергенова.