12-январда Ош облусунун Өзгөн районунда менчик клиникадан өрт чыккан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 1946-жылы туулган М.М. аттуу эркек киши 2-даражадагы күйүк алып ооруканага жаткырылды. Бейтаптын абалы туруктуу. Мындан сырткары өрт чыккан жерден 13 адам эвакуацияланды.
"Куткарылган 13 жарандын бирөө медайым, калганы бейтаптар", - дешти мекемеден.