Бүгүн, 13-январда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров Орусиянын "Россия 24" телеканалына маек берди. Садыр Жапаров маек учурунда жеңишке жеткенден кийин уктай албай жатканын айтты.
"Шайлоочулардын 84 пайыз добушун алуу - бул өтө чоң жоопкерчилик. Чынын айтсам түнү менен уктай албай чыгып жатам. Уйкум келбей жатат. Кечээ күнү түнү менен уктай албай чыктым. Түнү менен элдин, мамлекеттин тагдырын жана экономика жөнүндө ойлор келүүдө", - деди Жапаров.