super.kg logo

Бишкекте жол кире акысын көтөрүү маселеси шаардык кеңеште каралары айтылды

 

Бүгүн, 13-январда вице-мэр Азиз Алымкулов Бишкек шаардык кызматтар жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери жана айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин көтөрүү маселеси каралып, ал Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен каралары айтылды.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, Бишкек ШИИББинин орун басары Эрлан Атантаев, БШКнын турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, байланыш жана туруктуу комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

"Айдоочулар шаардык кичи автобустарда жүрүүнүн баасын көтөрүүнү сунуштады. Анткени күйүүчү-майлоочу майдын, запастык бөлүктөрдүн баасы бир топ өскөндүгүнө байланыштуу 10 сомдук тарифи өзүн-өзү актабай жатканын, аны 15 сомго көтөрүүнү суранышты. Бирок тарифти көтөрүү оңой маселе эмес. Ал бир канча процедуралардан өтүү керек. Бул мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешинде каралат", - деди шаардык транспорт башкармалыгынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Калыков.
Ал эми вице-мэрдин айтымында, бул маселе экспертизадан өтүп, тиешелүү органдардагы жөнгө салуучу таасирдин талдоосу, адистештирилген комиссиядан корутунду алышы керек. Эң маанилүү маселе шаардыктар тарабынан коомдук талкууда каралышы зарыл экендигин айтуу менен бирге жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринен айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды. Буга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы депутаттар муниципалитет токтом долбоорун киргизгенде тарифтерди көтөрүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
13.01.2021. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
16-01-2021 18:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germany
+6
Пенция,пасобия,Айлык акыларды көтөрүп андан кийиин жолкирени көтөргүлө...
Жегичтерге билинбейт жолкире кымбаттаганы...
13.01.2021. 17:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
22-02-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 22:34
Жынысы:
Белгисиз
+5
10 сомдон деле өлтүрбөйт шүгүр кылгылачы элдин да ал акыбалын ойлош керек да
13.01.2021. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айлык акыларды которууну сунуштайм. Ушул сунушубузду карап бергиле урматтуу депутаттар.
13.01.2021. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
16-01-2021 11:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол кирени которуну эмес, томондотуну ойлогула ээси барлар.
13.01.2021. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
27-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2021 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйуу майды арзандатуу керек. Неге дуйнодо нефт арзандаган сайын баасы тушпой тескерисинче которулот. Бул жерде коррупция бар. Россия менен казахстанга коз каранды болбой, туркия, араб мамлекеттери менен мамилени жандантуу керек. Булар биздин олкону билип турат эчнерсе кылалбашыбызды, каалагандай нарк коюп сатат. Эми эле жыргал заман башталса, казак туугандар границаны жабып салып куйдурот. Ушулар менен тен ата суйлошкон лидер керек бизге.
13.01.2021. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
17-05-2020
Соӊку аракети:
16-01-2021 17:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жол кирени которуу маселеси туура эле. Бут жак кымбаттап атат, 15сом деле актабайт болуш керек, микроавтобустун расходун. Дагы айлык, пенсияны да которуу керек.
13.01.2021. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
01-11-2011
Соӊку аракети:
16-01-2021 18:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Айлык, пенсия, пособия дегендерди которуп анан пожалуйста которо бергиле. Анысы жок которсонор анда аман эле болгулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159262;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: