Перу өлкөсүнүн соту АКШлык миллиардерлер Жорж Сорос, Стивен Рокфеллер жана Билл Гейтске коронавирус пандемиясынын чыгышына тиешеси бар деген айып такты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар мындай чечимин кылмыш процесси COVID-19 пандемиясынан улам ордунан жылгыс болуп калгандыгы менен түшүндүрүшүүдө. Өкүмдө коронавирус пандемиясы "дүйнөнү башкарган кылмыштуу элита тарабынан түзүлгөн" деп айтылат.
"Жаңы дүйнө тартибин курган Билл Гейтс, Жорж Сорос, Стивен Рокфеллер сыяктуулардан башка бир дагы өкмөт же бир киши, же юридикалык тарап пандемия күтүлгөн нерсе болчу деп айта албайт. Аты аталгандар аны өтө жашыруун шартта башкарып келишкен жана башкарууну улантууда", - деп айтылат соттун токтомунда.
Ал эми айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык соттун чечими жокко чыгарылат деп ниеттенүүдө. Ал чечим ишке тиешелүү аргументтердин ордуна күмөн санаган билдирүүлөргө таянып жатат деп эсептешет.