Орусиялык ырчы, алып баруучу Ольга Бузова президент Владимир Путиндин ага карата мамилеси жөнүндө билгиси келди. Бул тууралуу ал орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде айтты.
Бузова өзү тууралуу Владимир Путиндин ага карата мамилесин жана оюн билүүгө кызыкдар экенин маек берип жатып белгиледи.
Анын айтымында, Путин ал үчүн ар дайым идеал болгон, анткени ал өлкөнүн президентин күчтүү эркек катары жакшы көрөт. Путинди харизмасы күчтүү адам экендигин белгилейт.
"Эгер Владимир Владимирович азыр студияга кирсе, анда мен ал кишиден мен жөнүндө кандай карайсыз?" деп сурайт элем", - деген Бузова.
Алып баруучу президент менен жолугушууда жагымдуу таасир калтыруу үчүн даярданууга көп убакыт талап кылынарын да кошумчалаган.