УКМК "Алтуха" каймана аты менен таанымал кримавторитет Алтынбек Ибраимовду кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 13-январь күнү кармалган.
"Ибраимов Жазык кодексинин 98-беренеси менен айыпталып, комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын кылмыш иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча керектүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.