Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери шаар тургунун сабаган жаранды кармады

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери шаар тургунун сабаган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

2021-жылдын 12-январында саат 01:20 чамасында “102” кызматына Төмөнкү Ала-арчадан балдар уруп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1987-жылы туулган С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле даректен болжол менен саат 01:00 чамасында Хонда-Степ үлгүсүндөгү авто унаа менен белгисиз жарандар келип, арыз ээсин эч себепсиз уруп, денесине залал келтиришкен. Жазылган арыздын негизинде кылмыштын изи сууй электе шектүү катары М.Э. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан