АКШнын Индиана штатында 1953-жылдан бери алгачкы ирет аял киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 52 жаштагы Лиза Монтгомери мыкаачылык менен киши өлтүрдү жана бала уурдады деп айыпталган. Ал 13-январда Индиана штатындагы Терре-Хот абагында өлтүрүлгөн. Аялдын жактоочулары мындай чечимге каршы экенин жана кылмыш жасаган адамдын психикалык жактан оорулуу экендигин айтышкан. Бирок ага карабай ал өлүм жазасына тартылган.
Лиза Монтгомери 2004-жылы 23 жаштагы Бобби Жо Стиннетти аттуу аялды тумчуктуруп өлтүргөн, ал учурда Бобби Жо Стиннет сегиз айлык кош бойлуу болгон. Лиза Монтгомери аны өлтүргөн соң ичин жарып баласын уурдап кеткен. Тергөө учурунда ал жасаган кылмышын моюндаган. Ал эми наристе тирүү калган.
Монтгомери АКШ тарыхында 1953-жылдан бери өлүм жазасына кесилген жалгыз аял. АКШ бийлиги өткөн жылдын июль айында өлүм жазасына киргизген мораторийди алып салган.