Америкада окуучулук кезде кыз-жигит болуп жүргөндөр 70 жылдан кийин баш кошту

Америкада окуучулук кезинде бири-бирине ашык болуп жүргөн кыз-жигит 70 жылдан кийин табышып баш кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Фред Пол жана Флоренс Харви окуучулук кезинде дээрлик көп убакытты чогуу өткөрүшкөн. Фред Пол иштегени кетип, бир жылдан кийин келгенде Флоренс Харви ата-энеси менен башка шаарга көчүп кеткен. Алар көп жыл бою бири-бирине жолуккан эмес. Экөөнүн тең үй-бүлөсү болгон. Алардын түгөйлөрү оорудан улам каза болгон. Мындан кийин алар социалдык тармак аркылуу бири-бирин таап, сүйлөшүп баштаган.

Флоренс Харви Фред Полдун туулган күнү менен куттуктап үйүнө барган. Жолугушуудан 3 күн өткөндөн кийин үйлөнүүнү чечишкен. Коронавирус пандемиясына байланыштуу үйлөнүү үлпөт тоюн чакан чөйрөдө достору менен өткөрүшкөн. Учурда Фред Пол 84, ал эми Флоренс Харви 81 жаш куракта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
D.iamond
2021-01-14 19:01:29
Охоо укмуш жаңылыкго.
+2
Veneraakmatova
2021-01-15 08:48:57
Карыганда бир бирине шерик болуп жакшы болуптур. Бактылуу, берекелүү карылык насип этсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан