Египетте сот өткөн жылы TikTok'ко адепсиз видеолорду жарыялагандыгы үчүн соттолгон эки кыздын түрмөдөгү өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мавада Аль-Адхам жана Ханин Хоссам аттуу кыздардын TikTok'ко уят сөздөрү менен жарыялаган видеороликтери үчүн Египеттин соту күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыраткан жана 20 миң долларга жакын айып пул салган.
"Likee менен видеолор үчүн акы ала аласыз. Ал жерден эркектер менен жолугуп, оңой эле 3 миң доллар тапса болот", - деп жарыялаган кыздардын бири.
Ханин Хоссам бардык беренелер боюнча акталып, бирок сот Мавада Аль-Адхамга салынган айып пулду күчүндө калтырган.