Путин орусиялыктарды коронавируска каршы массалык эмдөөнү баштоону тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы массалык эмдөөнү кийинки жумадан баштоону тапшырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Кийинки жумадан баштап жалпы калкты массалык түрдө эмдөөнү баштап ылайыктуу иш графигин түзүп берүүңүздөрдү суранам", - деди ал.

Путин бул маселеде эч кандай көйгөй жаралбашы керек деп белгиледи. Ал "Sputnik V" вакцинасын чыгарууну көбөйтүш үчүн инфратүзүмдү даяр кармоо зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-01-14 11:05:14
Оңунан берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан