Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Ухан шаарына киришти

Бүгүн, 14-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттери коронавирус инфекциясынын келип чыгышын изилдөө үчүн Кытайдын Ухан шаарына киришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учурда "Тез жардам" кызматы жана коргоочу костюм кийген кызматкерлер аэропорттун имаратынын сыртында адистерди күтүп жатышат. Адистер Сингапур шаарынан учуп келишкен.

Коронавирустун келип чыгышын билүү үчүн түзүлгөн эксперттик топко Япония, Катар, АКШ, Германия, Вьетнам, Австралия, Орусия, Нидерланды, Улуу Британия жана Даниянын өкүлдөрү кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан