Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 миллион 219 миң гектар жер айдалып, ар кандай үрөндөр себилди. Мындай маалыматты айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күндө үрөн себүү иштеринин 96 пайызы бүттү. Учурда тоолуу делинген аймактарда үрөн себүү иштери жүргүзүлүп жатат, 20-майга карата айдоо иштери, үрөн себүү толугу менен бүтөт. Дыйкандар эккен үрөндөрдүн 80-85 пайызы сертификацияланган.
Пандемиядан улам ачарчылык болушу күтүлүп жатканы айтылууда. Андыктан дыйкандардан суранат элем, 1 сотых жерди дагы таштап койбой, туура пайдаланыңыздар", - деди министр.
Ошондой эле министр айыл чарба тармагында чоң бурулуш болорун да кошумчалады.