Казакстанда 21 жашында депутат болгон спортчу кыз интернетте талкуу жаратты


Казакстанда 21 жаштагы Жансая Абдумалик аттуу кыз депутат болду. Ал 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы аталган. "Нур Отан" партиясынын саясий бюросунун Алматы шаарындагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатынын ичинде 21 жаштагы шахматчы кыз Жансая Абдумалик бар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Казакстандыктар жаш кыздын депутат болгонун социалдык тармакта талкууга алышты. Бир тобу кызды аяшса, бир тобу бюрократтардын катарында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек дейт. Дагы бири "куурчак ойной турган куракта экен" деген пикирлерди жазышкан.

"Дүйнөнүн жана Казакстандын мыкты шахматчысы аталган Жансая Абдумалик 14 жашынан баштап спорттун бул түрү менен алектенип келет. Ал өз өлкөсүнүн эң жаш гроссмейстери жана дүйнөлүк турнирлердин көп байгелеринин ээси. Эми Жансаяны депутаттык мандатка аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Спортчу эки күн мурда, 12-январда 21ге толду", - деп жазылат маалыматта.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isikkolumkeremet
2021-01-15 14:37:38
Жакшы жанылык..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан