Билим берүү жана илим министрлиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалыматты видео конференция аркылуу берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, конференцияда министрдин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосу эскертилди.
Мындан тышкары Надира Жусупбекова мугалимдерге тиешелүү кыскарган иш кагаздар боюнча маалыматтын так жеткирилиши керектигин баса белгиледи.
Видео конференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов менен мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.