Кытайда 8 айдан кийин COVID-19дан биринчи өлүм катталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, аталган өлкөдө 2020-жыл 16-майдан бери биринчи жолу Хэбэй порвинциясында коронавирус менен алышып жаткан бейтап каза болду.
"Кытайда бир суткада 138 адам COVID-19га кабылган. Алардын ичинен 14ү сырттан келгендер", - деп жазылат басылманын маалыматында.
Аталган өлкөдө пандемия башталгандан бери 97 миң 326 адам аталган илдетке кабылса, 4 миң 796 бейтап каза болгон.
Бүгүн, 14-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттери коронавирус инфекциясынын келип чыгышын изилдөө үчүн Кытайдын Ухан шаарына киришти.