Оштун Алайкуу өрөөнүнө 1 метр кар жаады

Ош облусундагы Алайкуу өрөөнүндө 14-январга караган түнү калың кар жаады. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калындыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ӨКМнын маалыматына ылайык, жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө киргизилди.

"Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейинки (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн №26 Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу тилкелер Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экенин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aky12
2021-01-14 22:18:46
Кудай сактасын, тынч аман болунуздар!!! Менин туулуп оскон жерим!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан