Талас облусуна 3 миңден ашуун кыргыз жазуучуларынын китеби берилди

Бүгүн, 14-январда Талас облусуна 3 миңден ашуун кыргыз жазуучуларынын китеби берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, китептерди мамлекеттик китепкананын директору Койчуман Момункулов тапшырды. Аталган иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов катышып китепкана кызматкерлери менен китепканалардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору боюнча пикир алмашты.

"Бүгүнкү күнү, Талас облусунун китепканасына Америка ордосунан 1330 жана "Китеп палатасынан" 570 китеп келип түштү. Бардыгы кыргыз жазуучуларынын чыгармалары, бөбөктөр үчүн энциклопедия жана жомоктор. Учурда китептердин электрондук базасы түзүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас облусунун маданият бөлүмдөрүнө ар кайсы тармактан китептер келүүдө. Китептер алгач облустук китепканага түшүп андан соң райондорго бөлүнүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Janyl98
2021-01-14 22:16:14
Жаштарыбыз заалкар жазуучулардын корком чыгармалалыр окуп жан дуйносун, дуйно таанымын жогорулатса жакшы болмок. Капкаяктагы дааватчы, чала молдолордун раликалдуу улгусун алышпай.
-5
janyll
2021-01-14 22:46:06
Janyl98,boktu jepsin
+2
Invests
2021-01-14 22:19:10
3000 миңден ашуун. Сабатсыздар кайда окудуңар эле. Коридордо бу?
+1
virtual.realist
2021-01-14 22:47:50
3000 миңден деп алып сатуу группаларында жазышат эле, Айжанар эжебиз да ушундай туура болсо керек деп жазган го
+1
virtual.realist
2021-01-14 22:54:28
Негизи эле өз эне тилибизди өзүбүз барктап туура жазууну , туура сүйлөөнү өз тилибизде баштасак, анан башка тилдерге өтсөк
+2
janyll
2021-01-14 23:01:46
virtual.realist, орус тили расмий тил болуп жатса, кайдагы эне тилди айтасын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан