Актёр Маколей Калкин "Үйдө жалгыз" тасмасынан Дональд Трамп катышкан эпизодду кесип коюу идеясын колдоду

Актёр Маколей Калкин "Үйдө жалгыз" тасмасынан Дональд Трамп катышкан эпизодду кесип коюу идеясын колдоорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Twitter баракчасынын колдонуучуларынын бири аталган тасманы Трамп катышкан эпизоду жок түзөтүлгөн вариантын жарыялаган. Анда Маколей Калкин видеонун алдына "Браво!" деген пикирин калтырган. Ошондой эле Трамптын ордун 40 жаштагы Маколей Калкинге алмаштыруу идеясын колдогон.

Ал эми кээ бир социалдык тармактын колдонуучулары тасмадагы Трамптын ордуна АКШнын жаңы эле шайланган президенти Жо Байденди же актёр Киану Ривзди сунушташкан.
Буга чейин Канада өлкөсүндө СВС телеканалы "Үйдө жалгыз 2" тасмасындагы АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан эпизодду кесип салганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан