Бүгүн, 14-январда Ош облусунун Алайкуу өрөөнүнө калың кар жааганы маалым болду. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметр жааганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Буга удаа эле социалдык тармакта Алайкуунун жашоочулары аталган аймактагы кыш керметине бөлөнгөн кооз жаратылышты, айылдын жай турмушу, калың жааган кардын сүрөттөрүн жарыялашты. Алайкуунун кыш мезгилиндеги керемет сүрөттөрүнө назар салыңыз.