Орусиялык "Ералаш" юмордук журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Борис Грачевский 72 жаш курагында коронавирустан каза болду. Ал декабрь айында коронавирус инфекциясынан жабыркаган. Алгач үй шартында дарыланып, оору күч алганда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал 14-январда комага түшүп, дем ала албай көз жумган.
Борис Грачевский 2002-жылдан бери "Ералаштын" жетекчиси.