Айдоочу, унааӊызды кароосуз калтырбаӊыз! Ош шаардык милициясы айдоочуларга кайрылды

Ош шаардык милициясы айдоочуларга кайрылды. Маалыматка ылайык, учурда шаарда унаасын жылытуу үчүн иштетип, кайра үйгө кирип кеткен унааларды уурдоо фактысы катталууда.

"Айдоочу, унааӊызды кароосуз калтырбаӊыз! Кыштын күнү өз унааларын жылытуу үчүн кыймылдаткычын иштетип, бирок өздөрү үйгө бир саамга кирип кеткен учурлар көп болот. Мындай учурда кылмышкерлер дагы карап турарын унутпаӊыздар.

Ош шаарында өткөн жылдын 8-декабрынан бери ушундай үч факты катталды. Үчөөндө теӊ айдоочу машинасын от алдырып, өздөрү жылуу үйлөрүнө кирип кетишкен. Бактыга жараша, Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы бардык машиналарды таап, ээлерине кайтарды. Кылмышкерлердин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.

Урматтуу айдоочулар, мындан сабак алалы, машиналарды жылытуу үчүн жүргүзүп коюп, кароосуз калтырып, өзүӊүздөр үйлөрүӊүздөргө кирип кетпеӊиздер", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан