Жо Байдендин инаугурациясында белгилүү актёр Том Хэнкс алып баруучулук кылат

АКШнын Конгресси тарабынан президент болуп бекитилген Жо Байдендин инаугурациясы 20-январда өтөт. Анын ант берүү салтанатын белгилүү актёр Том Хэнкс алып барары белгилүү болду.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, инаугурациялык комитет Байдендин ант берүү иш-чарасы онлайн форматта өтөт. Пандемияга байланыштуу адаттагыдай салттуу жүрүш, майрамдык кече бул ирет болбойт. 90 мүнөткө созулган атайын программа тартылып, Жо Байдендин ант берүүсү жана элге кайрылуусу эфир аркылуу көрсөтүлөт.

7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан