Индонезияда жер титирөө катталып, андан каза болгондордун саны 26га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Индонезиянын Мадмужу шаарына жакын Сулавеси провинциясында 14-январда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, 26 адам каза болуп, 600дөй адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Мындан улам 2 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 60 имарат, анын ичинде мейманкана жана жергиликтүү губернатордун кеңсеси талкаланды. Оорукана кыйрап, андагы ондон ашык бейтаптар менен дарыгерлер эвакуацияланганы жазылат маалыматта.