Ош-Исфана-Бишкек авиакаттамы калыбына келтирилди

18-январдан тартып Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы ишке ашырарын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Авиакомпания ар аптанын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.
Бишкектен учуп кетүү - 11:00.
Исфанага учуп келүү - 12:15.
Исфанадан учуп кетүү - 13:05,
Бишкекке учуп келүү - 14:20.
Маалымат катары: 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуу, конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Учуу, конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.
2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне, бала бөлмөсү жана башкалар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
suban78
2021-01-15 11:09:28
Кандай самолет учаткен. Маркасын жазып койбопсунар да.
0
Talant22
2021-01-15 11:37:56
suban78,боинг А380 учат
0
Napaleon
2021-01-15 19:45:03
Жакшы жанылыккен
0
Munir81
2021-01-16 09:10:53
Talant22,,
0
souza.j
2021-01-15 11:12:29
бишкек-москва кандай болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан