Азия өнүктүрүү банкы Борбордук жана Батыш Азия боюнча жаңы директорду дайындады

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык департаментинин башкы директорлугуна Евгений Жуковду дайындады. Бул тууралуу аталган банктын социалдык баракчасына жарыяланды.

Башкы директор Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча региондоруна кирген 10 өлкөнү: Ооганстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн кызматташтыгын жана банктын 24 миллиард долларлык аймактык портфелин көзөмөлдөйт. Ошондой эле 10 өлкөнүн кеңсесин жана жети тармактык департаментти башкарат. Энергетика, айлана-чөйрө, жаратылыш ресурстары жана айыл-чарба, мамлекеттик башкаруу, каржы сектору жана соода регионалдык кызматташтыкты координациялоо, социалдык тармактар, транспорт жана байланыш, шаар куруу жана суу ресурстарын көзөмөлдөйт.

"Азия өнүктүрүү банкы экономиканы калыбына келтирүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жаңылануучу энергияны илгерилетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инклюзивдүү экономикаларды түзүү боюнча региондогу өкмөттөр жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну уланта берет. Акыркы он жылдыкта Борбордук жана Батыш Азияда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп, андан ары өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок биз азыркы учурда COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюуга багыт алдык", - дейт Жуков.

Евгений Жуков Казакстандын жараны. Ал 25 жылдык тажрыйбага ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан