"Сыймык Жапыкеев өз көзөмөлүнө алды". Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын дагы бир кампасы табылды

2021-жылдын 12-январында Финансы полициясынын кызматкерлери “Не сахар” долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган дагы бир кампаны тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Табылган кампада 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган. Ушул эле кампадан таңгактардагы чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул фактыны Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзү көзөмөлүнө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond0202
2021-01-15 12:54:47
Кыйын иштесе бааны козомолдосун
+4
D.iamond
2021-01-15 13:13:06
Не сахардын эмнеги. Ошолор таап берди.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан