Буга чейин, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча министрликтин сунушу президенттик аппаратка расмий жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталган.
Бул боюнча ырчы Кайрат Примбердиев төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
"Менден "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын" маданият министри жана министрлик жеке өзүнүн ыйгарым укуктары менен тартып ала албайт. Ал үчүн өтө оор жагдай болушу керек. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдар жөнүндө мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүмүн ачып окуңуздар, ошол жерде жазылып турат: "Сыйланган же ардак наамга татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан же ардак наамдан ажыратылат. Мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыкты же ардак наамдын документин алып коюу үчүн негиз болуп саналат" деп жазылып турат.
Маданият министрлигинин мындан тышкары дагы кыла турган милдеттери толтура, анын ичинде китепканалар, театрлар жана башка ушул сыяктуу маданий иш-каналардын кызматкерлеринин жашоо-шартын жакшыртуу, айлык акыларын көбөйтүү жана башка көп милдеттери бар. Жаза колдонуу жана чара көрүү сыяктуу жумуштар менен алек болбой койгону оң.
Мени колдоп мен дагы наамымды тапшырам деп жаткан кесиптештериме чоң рахмат. Айтаарым, наамыңыздарды тапшырбай эле коюңуздар, сиздер ал наамга өзүңүздөрдүн ак эмгегиңиздер менен жеткенсиздер.
Мен аргасыздан видео кайрылуу кылып жатам, жасабай эле коеюн дегем. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин жеке катка ар кандай коркутуулар болуп жатат. "Өлтүрүп кетем, атып кетем, асып кетем" деген сыяктуу коркутуулар болуп менин жана үй-бүлөмдүн сактыгына коркунуч жаралып жатат. Эгерде министр бул суроону башкача жол менен чечем десе, мүмкүн бизди кабинетине чакырып алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "жигиттер бул кылганыңар туура эмес токтоткула десе", биз анын көзүнчө кайрылуу жасап кечирим сурап койсок, балким ошол күнү эле басылып калмак. Бирок, азыркы убакытка чейин токтобой жатат.
Биз күнөөбүздү моюнубузга алып, кечирим сурадык, күнүгө Кудайдан дагы кечирим сурап жатабыз, менимче болду жетиштүү, токтотолу. Ал видео ошол күнү эле өчүрүлгөн, аны башкалар жүктөп алып таратып жатышат. Кыргызда жакшы сөз бар жакшыны жайылтып, жаманды токтотолу деген андыктан токтотолу", - деп билдирди Кайрат Примбердиев видео кайрылуусунда.