Орусияда мигранттар үчүн квоталарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартиби киргизилди. Бул тууралуу 14-январда Орусиянын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Орусиядагы мигранттардын укуктары жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, административдик укук бузуулары үчүн аларды өлкөдөн чыгарбоо, убактылуу жашоого уруксаты бар документтерин жокко чыгарбоо сунушталат.
"Бул мыйзам мигранттардын мыйзам бузууларын азайтып, алардын укуктарын коргойт жана мигранттар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени алардын ар бири белгилүү бир аймакка белгилүү бир максат менен келишет. Кайда иштеш керектигин түшүнүшөт. Экинчи жагынан бул региондорго миграция жараяны так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - деген коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Анатолий Выборный.
Жаңы мыйзам боюнча чет элдик жаран тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү же миграция мыйзамдарын бузуу менен байланышкан эки же андан ашык укук бузуу катталса убактылуу жашоого уруксаты бар документтеринен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле коомдук коопсуздукка шек келтирген мигрант Орусиянын аймагына беш жыл бою кире албай тургандыгы жазылат маалыматта.