Бишкек шаарындагы Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бала бакчадан өрт чыкты. Өрттүн видеосу социалдык тармактарга тарады.
Айрым маалыматтарга ылайык, бала бакчадагы балдардын баары эвакуацияланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктады.
Белгилүү болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 17:32де Ленин райондук №28 1 бөлүм, саат 17:40та Бишкек шаардык №8 1 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Саат 17:44тө штаб тартылып, тилсиз жоо 18:04тө чектөөгө алынган.
Кошумча маалымат берилет.