Ырчылар Сыймык Бейшекеев менен Асел Турдалиева сыркоолоп жаткан Султан Каримовдон кабар алышты

Ырчылар Сыймык Бейшекеев менен Асел Турдалиева сыркоолоп жаткан Султан Каримовдон кабар алышты. Бул тууралуу Сыймык Бейшекеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Султан Каримов агабызга барып, ал жайын сурап, өнөрпоздордун чогулткан аманат тыйынын тапшырып келдик. Оорубаңыз ага, батыраак сакайып, мыкты ырлар менен баарыбызды кубантып бар болунуз", - деп жазган Бейшекеев.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов 5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп келери маалымдалган. Ага 2015-жылы кант диабети, панкреатиттин оор формасы, пиелонефрит, полиартрит жана артроз, муундардын оорусу диагноздору коюлган. Учурда ал кант диабетинин 1-тиби менен жабыркап, тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж.

Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.
0(507) 42-05-42 - ЭЛСОМ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nazira...
2021-01-15 23:46:21
Азаматсынар. Силер маданияттын күзгүзүсүнөр. Ана наркы шоктонуп аткан Кайрат менен Куралды кой, ай деп койгула. Угаттыр силерди.Асель эже сиз как педагог катары Самарага бирдеме дең. Кийинки чыгып атышкан өзүнчө звездаларга значогун тапшырам дегендерге да сабак берип коюнузчу. С. Каримов кудайым шыпаасын берип жакшы болуп кетсин, уйгур болсо да андай патриотический ырларды эч ким бизде ырдаган эмес, сиз бмзге керексиз дагы ырларынызды угалы.
+20
sultan_bek
2021-01-16 00:21:37
nazira...,
Кайрат менен Курал киши өлтүргөн жөк. Курал менен Кайрат азаматсынар. Озгочо буларды колдоп жаткандарга чон рахмат. Анча мынча кыйкырып жаткан, ыймандуу болумуш эткен жаланкычтарга конул болбогуло. Булар тили менен сайраганды гана билишет, өз жашоосунда өзүнө да, бирөөгө да жакшылык кылышпайт. Курал эч кимге көңүл бөлбө. Жашоодо ийгилик гана сени коштоп жүрсүн. Кыргыздар эч качан жарыбайбыз. Анткени бирөөнү коркутуп, үркүтүп жашайбыз.
-23
Jibakana
2021-01-16 00:49:56
sultan_bek,сен да Чокоев учун жашагандай болбочу э
+17
Zumrudianka
2021-01-16 17:38:58
sultan_bek,Баардык кыргызды кошпой эле суйло, сен озун жарыбай журо бер ушул убака чейин жазбадым только окудум сен душманысын кыргыздын ушунчалык дуйнон таар адамсын негатив создорду жазасын, таза кандуу кыргызсынбы озу. Жакшы чыкса сындайсын жаман чыкса колдойсун
+4
nazira...
2021-01-15 23:48:21
Кичине үшуга окшогон жакшы жанылыктарды чыгаргылачы
+16
erik3
2021-01-16 00:34:38
Кайрат ишине ийгилик. Ден соолукта бол. Оз жашооно озун кожоюнсун. Сайрап жаткандар - булар диңге маалынган жапайы, чыдамы жок, сабырдуулуктан айрылган түркөйлөр. Азыр бизде ар бир интернет колдоонучу кунуго тири шумдук порно-эротикалардын түрүн, уятуу видоолорду каалагандай коруп жатышат го. А сеники ерунда эле болчу. Калп жинди болуп жатышайбы булар. Сени жамандап жаткандар - бул кыргыздын ан сезиминдеги эле нерсе мисалы: бироону сатмай, ушактамай, жамандамай. Ошол рефлекс иштеп кетти.
-17
sultan_bek
2021-01-16 01:10:49
Эл журт маданият кызматкерлерин жамандабагыла. Тескерсинче колдоп туралык. Элдин баары эле согунот азыркы заманда. Иртенетте Куралдан башка согунгондор толуп эле жатпайбы. Жэ согунгонду Куралдан эле коруп калдынарбы. Туркойлор бизде толтура. Алар согуп жатса силер аларга кошулбагыла.
-12
Jibakana
2021-01-16 20:10:12
sultan_bek,сага окшоп маданиятты кыйратып жатат деп калп эле кошомат кылалыбы?
+2
sultan_bek
2021-01-16 01:11:47
Курал менен Кайратка чыгармачылык ийгилик жана ден соолук
-15
Tursunbaev1978
2021-01-17 01:25:35
sultan_bek,сен тупойсуңбу?бул тема Курал менен Кайрат жөнүндө болуп атабы?
+1
Ozgocho111
2021-01-16 11:32:26
Улгу ала турган чыныгы маданият кызматкерлери!
+4
Jibakana
2021-01-16 23:18:47
Ozgocho111,Ушул жоругунан кийин эмне УлГУ алайын деп жатасын?
0
Mavlyuda
2021-01-17 11:07:37
Аллахым шыпаасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан