Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 күн мурун социалдык тармакта Кемин районунан Назима аттуу кыз дайынсыз болуп изделип жатканы айтылган аудио тараган.

"Милициянын кайгуул кызматы издөө иш-чараларынын негизинде 16-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына белгисиз жарандар тарабынан Келечек конушунда өспүрүм кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматы барып, издөөдө жүргөн Назима аттуу кыз экендигин аныкташкан. Андан соң Кемин РИИБинин кызматкерлери чакыртылып, кызды ата-энесине өткөрүп берүү тапшырмасы берилген", - деп билдирет кайгуул кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан