Улуу Британиянын жашоочусу аял кишини эркине каршы үйүндө камап, аны менен жыныстык катнашка барбай койгону үчүн мыкаачылык менен сабаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматы 47 жаштагы жарандын чакыруусу менен ал жашаган үйгө келишкен. Үйдүн ичинде 40 жаштагы аял киши башынан катуу жаракат алып жаткан. Полицияга жабырлануучу аял үйдүн ээси эркине каршы аны камап, жыныстык катнашка макул болбогону үчүн жыгач таяк менен башка бир канча жолу чапканын айткан.
Көп өтпөй үй ээси кармалган. Ал эми жабырлануучу ооруканада дарыланып, андан соң үйүнө чыгарылган.